Японияда поезд каттамы жалгыз окуучуну мектепте ташуу үчүн жүрүп турат

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүСтанцияга келип жаткан поезд. Архив
Станцияга келип жаткан поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыс аймакта жайгашкан Ками Cиратаки станциясы үч жыл мурда жабылып калган. Бирок, ал жердеги жалгыз окуучуну сабактан өксүтпөш үчүн мектепти бүткөнгө чейин поездди жүргүзүп турууну чечишти.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Темир жолчулар камкордук көрүп, Япониянын Хоккайдо аралындагы Ками Cиратаки станциясына жалгыз окуучу кыздын мектепке барып-келиши үчүн эки бирдей поездди токтотпой иштетип жатат. Бул туурасында CCTV социалдык тармакка маалымат жайгаштырды.

Эки тепловоз кыздын сабактарынын расписаниесине жараша үзгүлтүксүз каттап турат. Поезддер 2016-жылдын март айында, окуучу мектепти аяктаганда токтойт.

Станцияны мындан үч жыл мурда каттамды алыстыгынан жана жүргүнчүлөрдүн аздыгынан жаап коюшкан. Бирок, поезддин айдоочулары станцияга жакын жашаган окуучу кыз сабагынан өксүп каларын билгенден кийин, каттамды ага ылайыктап жандантууну чечишкен. Бул албетте жүрөктө жылыткан камкордук.

Жаңылыктар түрмөгү
0