ТВ: "Ислам мамлекети" Мосул шаарында 80 кишини атып салды

© AFP / SAFIN HAMEDОк кармаган адам. Архив
Ок кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Найнава провинциясынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Эль-Газлани аскердик лагеринин аймагында "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери жергиликтүү 80 адамды өлүм жазасына тартты. Террорчулар элди Ирактын бийлиги менен кызматташып, тыңчылык кылдыңар деп күнөөлөдү.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери 80 адамды өлүм жазасына тартты. Алардын арасына тартип коргоо органдарынын кызматкерлери да болгон деп кабарлады Ирактын Alsumaria телеканалы өздүк булактарына таянып. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Ислам мамлекетинин" согушкерлери өздөрүнүн идеологиясына макул болбогондорду жана полиция кызматкерлерин кошкондо 80 адамды өлүм жазасына тартты. Элди Найнава провинциясынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Эль-Газлани аскердик лагеринин аймагында атып салышты",— деп билдирген каналган аты-жөнүн айтууну каалабаган жергиликтүү маалымат булагы. 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: Ирактагы лагерге кол салган "Ислам мамлекети" тобунун 18 согушкери каза болду
Анын айтымында, террорчулар элди Ирактын бийлиги менен кызматташып, тыңчылык кылдыңар деп күнөөлөгөн.

Чоңдугу боюнча Ирактагы экинчи калаа болгон Мосул 2014-жылдын 10-июнунда согушкерлерге каршылыксыз багынып берген. Ирак өкмөтүнүн башчысы Хайдер аль-Абади Мосул Эр-Рамади шаарындагы операциялар бүтөрү менен "Ислам мамлекетинен" бошотулаарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0