Түркия Иран менен Сауд Аравиясын ынтымакка чакырды

© flickr.com / Vyacheslav ArgenbergГосударственный флаг Турции. Архивное фото
Государственный флаг Турции. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия эки мамлекеттин ортосундагы чыңалып бар жаткан мамилеге тынчсыздангандыгын билдирди.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги диний үгүтчү Нимр ан-Нимрдин жазалануусунан кийин Иран менен Сауд Аравиясын алакаларынын чыңалып тургандыгына тынчсыздангандыгын билдирди. Аны менен кошо эле тараптарды дипломатиялык мамилелерин калыбына келтирүүгө чакырды.

"Түркия тараптарды бири-бирин опузалай бербей дипломатиянын тили менен кепке келип, эки жагын карап иш кылууга чакырат", — деп билдирген аталган өлкөнүн ТИМи. Бул туурасында Рейтер агенттиги кабарлады.

Ирандын президенти Хасан Роухани. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Президент Роухани диний үгүтчү Нимр ан-Нимрдин өлүмү боюнча үн катты
Ишемби күнү Сауд Аравиясынын ИИМи шиит диний үгүтчүсү Нимр ан-Нимрди баш кылып 47 кишини өлүм жазасына тартканы тууралуу билдирүү тараткан. Тегеран диний үгүтчүнүн өлтүрүлүшүн катуу сынга алып, Иранда массалык нааразылык акциялар өткөн. Сауд Аравиянын Тегеран жана Мешхед шаарларындагы дипломатиялык мекемелер алардын чабуулуна кабылган. Сауд Аравиясынын Тышкы иштер министри Адиль аль-Жубейр Иран менен дипломатиялык мамилени үзгөнүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0