ЖМК: Сауд Аравиясындагы өлүм жазалары Батышты эки анжы ойго такады

© AFP / ADEM ALTANСауд Аравиясындагы митингдин катышуучулары.
Сауд Аравиясындагы митингдин катышуучулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Independent басылмасынын журналисти Роберт Фиск Сауд Аравия жетекчилигинин аракетин "Ислам мамлекети" террористтик тобунун кылмыштарына теңеди.

БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Батыш Сауд Аравиясындагы массалык өлүм жазасынан кийин деле бул өлкөнүн алдында басмырлана берүүсүн уланта берет, дейт The Independent басылмасынын журналисти Роберт Фиск. Бул тууралуу РИА Новости жазат.

Сауд Арвиясынын Ички иштер министрлиги 2-январь күнү терроризмге шектелип соттолгон 47 адамды өлүм жазасына тартканын жарыялаган. Жазага тартылгандардын арасында 2012-жылдан бери камакта отурган белгилүү шиит диний үгүтчүсү ан-Нимрдин да бар экени айтылган.

"Өлүм жазасына тартуунун видеосу гана жок болуп калды. Бирок Сауд Аравиясында болгон былтыркы өлүм жазасы толугу менен "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун ваххабит окуусуна дал келди. Макбеттин "канга — кан" деген сөзү эми аравиялыктарга да тиешелүү болду окшойт. Анткени бул мамлекеттин "терроризмге каршы күрөшү" суннит менен шииттердин төгүлгөн канын ылгабайт", — деп жазат Фиск.

Иран: дипмамилени үзүү Эр-Риядга өлүм жазасын "жашырууга" жардам бербейт
Журналист Нимр шейхин катардагы эле үгүтчү эмес, Сауд Аравиясынын Чыгыш провинциясында жума намаздардын кадырлуу адамы болгонун белгилейт. Ал бир да саясый партиянын таламын талашпай, өлкө жетекчилигине каршы чыкканы үчүн көп кыйноолорго туш болгон. Макалада расмий бийликтин өлүм жазасы конфессиялар аралык күрөшкө эч тиешеси жок деген билдирүүсү "Ислам мамлекети" террористтик уюмуна мүнөздүү сөз экени айтылат. 

Фиск Эр-Рияддын мындай кадамы шииттердин бийлигин жок кылуу үчүн саудиттер кол салган Йемендеги хуситтердин көтөрүлүшүнө алып келет деп эсептейт. Өлүм жазасына тартуу Бахрейндеги шииттердин кыжырын келтирсе, ал эми Ирандын руханий лидерлери Сауд Аравиясындагы падышалык үй-бүлөнүн кыйрашына алып келерин белгилешкен. 

"Бул кадам Батышты эки анжы ойго түртөт — Персия куймасындагы бай өлкөлөрдүн алдында кол куушуруп, айтканы менен болуп, ошол эле учурда өлүм жазасына тартуу боюнча өз оюн кылдат билдирүүсү керек", — дейт журналист.

Анын айтымында, эгер мындай окуя ИМ тарабынан көзөмөлдөнгөн Ракка шаарында боло турган болсо, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон дароо Twitter тармагындагы өз баракчасына нааразычылыгын жазып чыкмак. Фиск Сауд Аравиясынын акыркы падышасынын өлүмүнө байланыштуу Англиядагы тууларды түшүрүүгө буйрук берген Кэмерон өлкө жетекчилигинин бул чечимине кескин сын айтуудан айбыга турганын белгилейт.

Хидждаб кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиясында муниципалдык шайлоодо биринчи жолу аял утуп чыкты
Журналист АКШ менен Европа мамлекеттеринин алдында "Чындап эле Сауд Аравиясы батыштагы тарапташтарын канкорлукту колдоого мажбурлап Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууну жокко чыгарууга белсендиби?" деген суроо тууларын жазат.

"Сауд Аравиясындагы 47 адамдын өлүм жазасына тартылышы жаңы жылды белгилөөнүн укмуштуу бөлүгү болуп калды. Бул эмирликтеги мыкты мейманканалардын бири өрттөнүп жатканына карабастан Дубай шаарында ири фейерверк аткандай эле кеп болду. Болгон окуяга саясый сүртүм бербегенде да "Падышачылыктын жетекчилери мээсинен айныганбы?" деген кадыресе суроо жаралат", — деп аяктайт Фиск өз макаласын.

Жаңылыктар түрмөгү
0