Түрк премьери Сербиядан Россия менен мамилени жакшыртууга жардам сурады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүСербиянын президенти Томислав Николич. Архив
Сербиянын президенти Томислав Николич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк премьери Давутоглу Сербиянын президенти Николичке саясий пикир келишпестиктерди жөнгөн салууга катышууга чакырганын Cерб президентинин маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Сербиянын президенти Тимослав Николичти түрк-орус мамилесин жакшыртууга жардам берүүгө чакырганын Сербиянын президентинин маалымат кызматы билдирди.

Давутоглу дүйшөмбү күнү Сербияга эки күндүк иш сапары менен келген. Ал өлкө жетекчилерине жолугуу менен бирге серб-түрк форумунун ачылышына катышты.

Маалымат кызматтын билдиришинче, түрк премьер-министри эки мамлекеттин ортосундагы саясый чыңалууну жайгарууга жардам берүүгө чакырган.

"Давутоглу Сербиянын президенти Томислав Николичти Россия менен болгон талашта жардам берүүгө чакырды. Президент мындай нерсени кубаттай турганын айтып, макулдугун берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Давутоглу серб кесиптеши Александр Вучич менен жолукканда Түркия санкциялардан коркпой турганын, эгер мындай алака улана берсе эки тарап тең жапа чегерин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0