Түркиянын Хайдарпаша портунда удаа-удаа жарылуу болду

© AFP / OZAN KOSEТүркия аскери. Архив
Түркия аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулдагы Хайдарпаша портунда токтоп турган жүк ташуучу унаада бир катар жарылуудан улам баш аламандык жаралды.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Хайдарпаша портунда болгон жарылуу баш аламандык жаратканын Sputnik Turkiye маалымат агенттиги билдирди.

Чыккан өрт бат эле өчүрүлгөн, аны өчүрүүгө деңизде токтоп турган кемелер да жардам берди. Алдын ала маалыматтар боюнча жүк ташуучу унаада катары менен төрт жолу жарылуу болгон. Учурда жарылуунун себептери иликтенип жатат.

Өрт учурунда жаракат алган айдоочу "тез жардам кызматы" менен ооруканага алып келинип, абалы жакшы экени кабарланууда. Күйүп кеткен жүк ташуучу унаа Украинага таандык экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0