08:25 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
33 0 0

Финляндиянын Лапландия чек ара башкармалыгынан билдиришкендей, өлкөдөн баш паанек издегендер Салла жана Райя-Йоосеппи өткөрүү пунктарынан эми автоунаалар менен гана өтө алышат.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Финляндиянын чек ара кызматы Россия менен болгон бир нече чек ара бекеттеринен эми велосипед менен өтүүгө тыюу салганын MTV3 телеканалы билдиргенин РИА Новости маалымдады.

Лапландия чек ара башкармалыгынан билдиришкендей, буга чейин өлкөдөн баш паанек издегендер Россия менен чектешкен аймактарындагы чек ара пунктарынан велосипед менен өтүп келген. Эми алар өлкөгө бир гана автоунаа менен гана келе алышат.

"Мындай тыюу салуу кыш маалында кишилер бейтааныш жерден велосипед менен өтүүдө өз өмүрүн тобокелге салып, башкаларга да жолтоо кылгандыктан улам киргизилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Чек арадан велосипед менен өтүүгө тыюу салуу демилгеси менен Финляндиянын бийлиги ноябрь айынын аягында Россияга кайрылган.

Тема боюнча

Финндердин өкмөт башчысы орун жоктугунан ажатканада отуруп сапарын уланткан
Белгилер:
Финляндия, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ