Ак аюуну жардырып жиберген мыкаачыга кылмыш иши козголду

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАк аюу. Архив
Ак аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак аюу Врангель аралында кимдир бирөө жем менен кошо жардыруучу зат бергенинен өлгөн. Жаныбардын кыйналганы тартылган видео интернетке жарыяланып, коомчулукта чоң талкууну жараткан.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Врангель аралында ак аюунун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголгонун Чукотка автономдук округунун администрациясындагы булак билдирди деп жазат РИА Новости.

"Кылмыш иши козголду", — деди ал.

Бирок азырынча бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.

Жок болуп бараткан ак илбирстер, аюулар Кыргызстанда атылып жатат
Окуя декабрь айынын соңунда "Врангель аралы" коругунда болгон. Белгисиз адамдар жем менен кошо аюуга жардыруучу заттарды да берип жиберишкен. Кызматкерлер петарданы коруктун жанында жүрүп жаткан курулуштун жумушчусу жырткыч менен бет маңдай келгенде ыргытып жибериши мүмкүн деп да айтышууда. 

Бул видеого тартылып, жаныбардын кыйналып-кысталганы интернетке жайгаштырылган. 

Аталган окуяны иликтеп, күнөөлүүнү кылмыш жообуна тартуу талабы тергөө органдарына, прокуратурага жана ИИМге жолдонгон. Интернетте пайдалануучулар айыпкерди эркинен ажыратуу боюнча кол топтоо башташкан.

Аймактын прокуратурасы аталган ишти иликтей баштады. Укук коргоо органдарындагы булак аюунун өлүмүнө себепкер адам үч жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экенин эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0