Түркиянын президенти өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган адамды сактап калды

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын пайдалануучулары Стамбулдагы Босфор көпүрөсүндө болуп өткөн окуя атайы уюштурулганын айтышууда.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Босфор аркылуу өткөн көпүрөдөн өзүн таштоого аракет кылган жаранды Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аман алып калганын NTV телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан Сиирт шаарынын Везир Чатраш аттуу тургуну үй-бүлөлүк көйгөйлөрүнөн улам көпүрөдөн секирип жан кыюуну чечкен. Чатраш тосмодон аттап өтүп токтоп калган. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери тартылып келген. 

Ошол маалда көпүрө аркылуу жума намаздан кайтып келе жаткан президенттин кортежи өтөт. Полициянын турганын көргөн Эрдоган унааны токтоттуруп, окуянын себебин сураган. Өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаранга президент ал тууралуу сурап жатканын айтышат. Ошондо ал Эрдоганга келип, колунан өөп, кыскача маектешет да, жан кыюу оюнан кайтат.

Каналдын айтымында, президент аталган жарандын көйгөйүн чечүүгө жардам берилишин тапшырган.

Атамбаев: Эрдоган ИМге тишеси жок экенин Кудайды оозанып карганган
РИА Новости агенттиги көптөгөн түркиялык пайдалануучулар муну атайы уюштурулган окуя катары баалап жатышканын маалымдайт. Соцтармактагы Чатраштын аккаунттары боюнча ал Түркиядагы бийликчил партиянын тарапкери экени анык болду. 

"Тайип өтөр алдында анын жолун жабышат. Чатраш кантип көпүрөгө барып калды?" — дейт Melih Ertas аттуу пайдалануучу.

"Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө коопсуздукту сактап президенттин машинасы минтип токтотулбайт. Анын үстүнө өзгөчө окуя болуп жатса. Балким ал адам президентке кол салууну пландаштырып жүргөндүр, Оюн, кайрадан оюн…", — дейт Cihangir Atalay.

"Коштоп жүргөндөрүн карабайсыңарбы. Акыр заман болсо да, бул президенттик кортеж токтомок эмес", — дейт DoDo.

"Күн тартибиндеги жаңылыктын темасын өзгөртүү аракети жыттанып турат", — дейт Salih Korçekmez.

Учурда Түркиядагы эң көп талкууга алынган жаңылыктардын башында Түркияда тыюу салынган Күрдистан Жумушчу партиясына каршы жүргүзүлүп жаткан операциялар болуп саналат. Ал эми жан кыюуга аракет кылган Чатраш дал дал ушул аймакта жайгашкан Сиирт аймагынан экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0