Пентагон ИМге каршы Москва менен бирге күрөшүүдөн баш тартты

© AFP / STAFFЗдание штаб-квартиры Министерства обороны США в Вашингтоне.
Здание штаб-квартиры Министерства обороны США в Вашингтоне. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскердик мекеме "Ислам мамлекети" боюнча Россия менен ал Асадга карата мамилесин өзгөрткөндө гана кызматташа турганын белгиледи.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россиянын "Ислам мамлекети" террористтик тобу боюнча маалымат менен бөлүшүү даярдыгына карабастан Пентагон Москва Башар Асадга карата мамилесин өзгөртпөсө Сирия боюнча кызматташпай турганын Sputnik агенттигине АКШ Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Мишель Балданса билдирди.

Washington Times АКШ бомбалоону каалабаган ИМдин объектилери жөнүндө жазды
РФнын Башкы штаб башкармалыгынын жетекчиси Сергей Рудской жума күнү Россия "Ислам мамлекети" террористтик уюмуна каршы күрөшкөн коалицияга Сириядагы согушкерлердин объектилери тууралуу маалымат берүүгө даяр экенин, өз кезегинде АКШдан да ушундай эле кадам күтөрүн маалымдаган. 

Пентагон Москва Асадды колдогон позициясынан кайтып, ИМге көңүл бурбаса, Россия менен кызматташпай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0