Россиянын Борбордук банкы валюта алмаштыруунун жаңы эрежесин түшүндүрдү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүРоссия рубльнын символу. Архив
Россия рубльнын символу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы банк 15 миң рублден жогорку суммадагы акча сатуу же сатып алууда жаран паспортун көрсөтө турганын белгиледи. Ал эми анкетаны банк өзү толтурушу керек.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Россиянын Борбордук банкы 27-декабрдан баштан күчүнө кире турган акча алмаштыруунун жаңы эрежелери боюнча түшүндүрмө берди. 

Сом жана доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сом долларга караганда 2,5 эсе аз
Буга чейин маалымат каражаттары жаңы эрежеге ылайык 15 миң рублден жогорку суммадагы акча алмаштырууда кардар идентификациядан өтүп, анкета толтуруу зарылдыгын жазып чыгышкан. 

Банктын айтымында, аталган суммадагы акча алмаштыра турган жарандан анын өздүгүн тастыктоочу документ гана талап кылынарын, ал эми анкетаны банк өзү толтура турганын айтты. 

Ал эми идентификация учурунда алынган маалыматты банк толтурула турган анкетага түшүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0