Израилде сексуалдык чырдан улам кызматтан кеткен ИИМ башчысынын ордуна бачабаз депутат келет

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүИзраиль мамлекетинин желеги. Архив
Израиль мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрге талапкер болуп жаткан депутат буга чейин эле өзүнүн бачабаздыгы тууралуу ачык жар салган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Израилдин вице-премьери, ички иштер министри Сильван Шалом кыз-келиндерге асылды деген шектен улам кызматынан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу CNN билдирди.

Телеканал өз сайтында министр өрчүп келе жаткан жаңжалдан үй-бүлөсүн коргоо үчүн отставкага бергенин жазып чыкты. Ал эми атка минер өзү бул дооматты төгүнгө чыгарууда.

"Мен таза жана ак ниетим менен иштедим. Кызматтан үй-бүлөмдү сактап калуу үчүн кеттим", — деген министрдин сөзүн CNN келдирет.

АКШнын армиясын гей экендигин жашырбаган аскер адамы жетектеши мүмкүн
Британиянын Guardian басылмасы маалымдагандай, өлкөнүн ички иштер министри болуп буга чейин өзүнүн бачабаздыгы тууралуу ачык эле жар салган депутат Амир Охандын келет. Кнессетте (өлкөнүн парламенти) ал Ликуд партиясынан салттуу эмес сексуалдык ориентациясы бар жарандардын секциясын жетектеген депутат катары белгилүү. Охандын өнөктөшү Алон Хадад экөөнүн ортосунда карын эне АКШдан жарыкка алып келген бир уул, бир кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0