Сирияны Израилдин аскер-аба күчтөрү да аткылай баштады

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүДамаск шаарына көрүнүш. Архив
Дамаск шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дамаск шаарынын чет жакасына урулган авиасоккунун натыйжасында 2008-жылга чейин Израиль абагында кармалып келген ливандык согушкерлердин лидери Самир Кантар жок кылынды.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Израиль менен "Хезболлахтын" ортосундагы колго түшкөндөр менен өз ара алмашуу боюнча сүйлөшүүнүн алкагында 2008-жылы Израиль түрмөсүнөн бошотулган ливандык согушкерлердин башчысы Самир Кантар Дамаскинин жака-белиндеги Жараман районуна жасалган ракета соккусунан улам жок кылынганын Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чуркин: мунайдан тышкары, ИМ эгин, фосфат жана цемент менен соода кылат
Маалыматка ылайык, анын бир тууганы Бассам Кантар Самирдин каза болгону тууралуу Facebook тармагындагы баракчасына жазып чыккан. 

Айрым билдирүүлөр боюнча ракета соккуларын израилдик аскер-аба күчтөрү жүргүзгөн. Сириянын маалымат каражаттары авиасоккулардан жай тургундар да жабыр тартканын жазып чыгышты. 

БУУ тарабынан дайындалган немистик өкүлдүн ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында 2008-жылы Израиль 2006-жылы колго түшкөн "Хезболлахтын" төрт согушкерин Ливанга кайтарып берген. Ошол мезгилде бошотулган Самир Кантар төрт израилдик жаранды өлтүргөнү үчүн өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажырап, абакта жатканына 30 жыл болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0