Булак: ЕБдин Россияга каршы санкцияны узартуу чечими шейшемби күнү жарыяланат

© Sputnik / Владимир СергеевЕБдин жана Россиянын желектери. Архив
ЕБдин жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияга каршы экономикалык санкцияларды узартуу чечими шейшембиден тарта күчүнө кирип, ал жарыялана турганын Европа биримдигинин жетекчилигине жакын болгон булактар билдирген.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Европа биримдигинин Россияга каршы экономикалык санкцияларын узартуу жөнүндө чечими кийинки жуманын шейшемби күнү жарыялана турганын РИА Новости ЕБдин башкармалагындагы ишенимдүү булагына шилтеме берүү менен билдирди.

Экономикалык санкциялардын күчүнө кириши боюнча чечим качан жарыяланып күчүнө кирет деген суроого булак "шейшемби" күнү деп жооп берди.

Буга чейин Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлдөрдүн кеңеши санкцияны узартууну жактырганы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0