Эл аралык миграция кызматы: жыл аягына чейин Европадагы качкындардын саны миллиондон ашат

© AFP / ARIS MESSINISГрециянын Лесбос аралыгындагы качкындар. Архив
Грециянын Лесбос аралыгындагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык миграция кызматынын маалыматы боюнча жыл башынан бери Европага 990 миң 671 качкын жана мигрант баш паанек издеп барган. Алардын саны 22-декабрда эле бир миллиондон ашышы мүмкүн.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Европага барган мигранттар менен качкындардын саны 22-декабрда бир миллиондон аша турганын Эл аралык миграция кызматынын маалымат катчысы Жоэл Миллман билдирди.

Анын айтымында, жер которгондордун саны былтыркыга салыштырмалуу төрт эсе көп болот.

АКШ келерки жылы Сириядан он миң качкынды кабыл алууга ниеттенүүдө
Европага жыл башынан бери 990 миң 671 мигрант менен качкын баш паанек издеп барган. Мында 3 миң 695 адам деңизге чөгүп кеткен. 16-октябрдан баштап күнүнө орточо эсеп менен жетиден качкын көз жуумуп жатканы маалым.

Мигрант менен качкындарды кабыл алган өлкөлөрдүн алдыңкы катарында мурдагыдай эле Греция менен Италия турат. Жалпы жонунан Грецияга жыл башынан бери 800 миңден ашуун адам келсе, анын 57 миңи декабрь айында эле баргандар болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0