БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Канаданын Банф тоолуу аймагынын абасы толтурулган баллондор Кытайда чоң суроо-талапты жаратып жатканын Британиянын Telegraph басылмасы билдирди.
Канаданын Vitality Air компаниясы тамаша иретинде баллонго толтурулган таза абаны сата баштады.
"Таза абасы бар 500 даана баллон өткөн жумадан баштап сатыкка чыгып, ал төрт күн ичинде эле сатылып кетти", — деп билдирет компаниянын негиздөөчүсү Моисей Лэм.
Көлөмүнө жараша таза абасы толтурулган баллондор 14 доллардан 20 долларга чейин сатылууда. Белгилей кетсек, Кытайда минералдык суу андан 50 эсе арзан турат. Канаданын мындай баллондору Кытайдан ири шаарларында жакшы сатылып жатканын британиялык басылма белгилейт.
Looking for that unique #stockingstuffer ? We have what you need! pic.twitter.com/LINQ26kle2
— Vitality Air (@vitalityair) 11 декабря 2015
"Биз таза аба толтурулган 4000 баллон жибердик. Анын жарымы алдын ала эле сатылып кеткен", — дейт Лэм.
Кытайда сатылып жаткан таза аба Канаданын түштүк тарабындагы аскалуу тоолор жайгашкан жерден толтурулат.