Бразилиянын соту операторлорго WhatsApp каналын 48 саатка жабууну милдеттендирди

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мессенджерди жабуу жөнүндө чечим кылмыш ишин иликтөө үчүн кабыл алынган. WhatsApp каналы жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 12:00дөн тарта жабылышы керек.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бразилиянын Сан-Паулу шаарынын соту өлкө аймагандагы бардык операторлорду WhatsApp каналын 48 саатка жабууну милдеттендирген чечим кабыл алганын РИА Новости агенттиги Франс Пресске шилтеме берүү менен билдирди.

Соттун өкүмүнө ылайык, тыюу салуу жергиликтүү убакыт боюнча түн жарымынан тарта (Бишкек убактысы боюнча 8:00) күчүнө кирмекчи.

Мессенджерди жабуу жөнүндө чечим кылмыш ишин иликтөө үчүн кабыл алынган. Кылмыштын чоо-жайы азырынча маалымдала элек.

Соттон билдиришкендей, WhatsApp компаниясы кылмыш ишин иликтөөдө кызматташуу боюнча сурамды бир нече жолу алган, бирок, бир да жолу аткарган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0