Түркия менен Россия эми суу үстүндө араздаша баштады

© flickr.com / KLMirceaТүркия желеги. Архив
Түркия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча түркиялык балык уулоочу кеме Эгей деңизиндеги орустардын аскер кемесинин оң жагынан жакын сүзүп келген. Суу унааларынын кагылышуусунун алдын алуу максатында россиялык аскер кемесинин жетекчилиги эскертүүчү ок чыгарган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Эгей деңизинде кароолдо турган россиялык "Сметливый" кемесинин экипажы жекшемби күнү түркиялык кеме менен кагылышуунун алдын алганын РФнын Коргоо министрлигине таянуу менен РИА Новости билдирди. 

Маалыматка ылайык, россиялык деңиз аскерлери бир чакырым жакын калган түрк кемесин байкап, радиобайланышка чыгууга аракет кылган. Түркиялык кеме бир нече ирет берилген белгилерди жоопсуз калтырган.

Түркия эми Ирак менен араздаша баштады
Эки кеменин ортосунда 600 метр калганда россиялыктар кагылышуунун алдын алуу үчүн ок чыгарууга аргасыз болгон.

Министрликтин айтымында, ок чыгарылгандан кийин түркиялык кеме дароо багытын өзгөртүп, россиялыктар менен э байланышпастан, "Сметливыйдын" жанынан 540 метр аралыктар кыйгап өтө берген.

Окуядан кийин коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов Түркиянын Россиядагы элчилигинин аскердик атташесин чакырып сүйлөшкөнү белгилүү.

Ал эми түркиялык кеменин ээси Музаффер Гечиджи кароолдогу орус кемесине жакындабаганын, эч кандай эскертүүчү белгилерди көрүп-укпаганын билдирген. 

"Балыкчылар россиялык кемеге 1,8 чакырым аралыкка жакын келген эмес. Ал эми кеме өзү кыймылсыз абалда турган. Бизди көздөй эч ким ок чыгарган жок, чыгарса да биз аны уккан жокпуз", — деген Гечиджинин сөзүн СNN Turk телеканалы келтирди.

Учурда балыкчылардын кемесиндеги видеобайкоого жазылган маалыматтын баары Түркиянын жээк коопсуздук кызматына берилгени кошумчаланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0