Бүгүн Воронеж облусунда интернатта чыккан өрттөн улам өлгөндөргө аза күтүлөт

© AFP / ANDREI ARKHIPOVӨКМ кызматкерлери Воронеж облусундагы психоневрологиялык интернатта чыккан өрт жеринде
ӨКМ кызматкерлери Воронеж облусундагы психоневрологиялык интернатта чыккан өрт жеринде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү чыккан өрттөн 23 киши каза болгон. Дүйшөмбү күнү Воронеж облусундагы желектер түшүрүлөт. Ал эми маданий мекемелерде жана телекомпанияларда көңүл ачуучу программалар көрсөтүлбөйт.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Воронеж облусундагы психоневрологиялык интернатта чыккан өрттөн 23 киши каза болгон. Андыктан дүйшөмбүнү аза күтүү күнү деп жарыялоо боюнча буйрукка облус башчысы кол койду.

Россиянын ӨКМ кызматкерлери өрт өчүрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Воронежиндеги интернатта өрт чыгып, 22 киши каза болду
Новохоперск районунун Алферовка айылындагы психоневрологиялык интернатта өрт ишемби күнү кечинде башталган. Тилсиз жоо 700 чарчы метр аянтты жалмаган. 23 киши каза болуп, 24 киши жабыркаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Дүйшөмбү күнү облус аймагындагы бардык желектер түшүрүлүп аза күтүү жарыяланды.

Маданий мекемелерде жана телекомпанияларда көңүл ачуучу программалар көрсөтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0