Түркия эми Ирак менен араздаша баштады

© AFP / ARIS MESSINISТүрк аскери танктын алдында. Архив
Түрк аскери танктын алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул айдын башында Түркия танк батальонун Ирактын аймагына киргизген. Багдад мындай аракетти баскынчылык катары баалап, БУУга кайрылса, Эрдоган Ирактын талабын "татыксыз кадам" деп атоодо.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ирак жетекчилиги мыйзамсыз өлкө аймагына кирип келген түркиялык аскерлерди тез аранын ичинде чыгаруу талабы менен Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылганын "Рейтер" агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди. 

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Түркиянын танк батальону террорчулар менен күрөшүп жаткан күрд аскерлерин машыктыруу шылтоосу менен Ирактын Найнава провинциясына кирип барган.

"Түркиянын расмий бийлик менен макулдашылбаган бул аракети душмандык катары кабыл алынып, Ирактын бүтүндүгүнө жана эгемендигине шек жаратат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал арада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ирактын кайрылуусун "татыксыз кадам" деп атады. Өлкө башчы түркиялык аскерлер Найнава провинциясында күрд жоокерлерин машыктырып жаткан инструкторлордун коопсуздугун сактоо үчүн киргизилгенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0