ЖМК: Сириянын оппозициясы бийлик менен сүйлөшүүлөр үчүн "жогорку кеңеш" түздү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСириянын желеги. Архив
Сириянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
32 адам кире турган жаңы уюмдун өкүлдөрү Сириянын президенти Башар Асаддын кетишине аракет кылат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Cириялык оппозициянын өкүлдөрү Сауд Аравиясынын борбору Эр-Рияд шаарындагы жолугушууда "жогорку кеңеш" түздү деп жазат Washington Post гезити.

Россиянын Сириядагы аскердик операциясын француздардын 77 пайызы колдойт
Басылманын маалыматына ылайык, түзүлгөн органга 32 адам кирет, алар кечирээк Сириянын бийлиги менен оппозициянын атынан сүйлөшө турган 15 өкүл шайлайт. 

Сирия оппозициясы Эр-Рияддагы конференциясында Сириянын өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даярдыгын билдирди. Ошону менен катар алар Сириянын президенти Башар Асаддын өткөөл мезгилдин башында кетүүсүнө аракет кыла тургандыктарын билдиришти.

Сауд Аравия ТИМинин башчысы Адель аль-Жубейр ачкан конференцияда сириялык оппозициянын 100дөн ашык өкүлдөрү катышып жатат. Катышуучулар сириялык чыр-чатакты саясий жөнгө салуунун жолдорун, ок атышууларды токтотуу мүмкүнчүлүгүн жана Сирияны кайра калыбына келтирүүнүн келечектерин талкуулашууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0