Айтматовду эскерүү кечелери АКШ менен Кытайда өтөт

© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер көрсөтүлмөкчү.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШнын Чикаго шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай эскерүү кечеси өтө турганын "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дипломаттар Бишкекте Айтматовду эскеришет
Маалыматка ылайык, "Айтматов — кыргыз элинин феномени" аттуу иш-чара үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында Түрк-Америка борборунда болот. Кече "Патриот KG" коомдук фонду жана кыргыз-америкалык ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, анда залкар жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлмөкчү.

"Патриот KG" уюмунун төрагасы мындай эскерүү кечеси ошол эле күнү Кытайдын бир нече шаарларында өтө турганын кошумчалады.

Жазуучу көзү тирүү болсо быйыл 87 жашка чыкмак. Ал узакка созулган оорудан кийин 2010-жылы Германияда каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0