21:03 04 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9120
  • EUR90.7023
  • RUB1.0481
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
43 0 0

АКШнын президенти жогорку технология индустриясын колуна кармап тургандарга жана укук коргоо органдарына жазасын алуудан качкан террористтерге технологияны таталдатууну суранды.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШнын президенти Барак Обама терроризм менен күрөшүүдө киберкоопсуздук жаатында чараларды көрүүгө чакырды. 

"Жогорку технология индустриясын колуна кармап тургандарды жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине жазасын алуудан качкан террористтерге технологияны пайдалануусун таталдантууга чакырам", — деди Обама.

Өткөн шаршеби күнү Сан-Бернардино (Калифорния штаты) шаарында эки автомат жана эки тапанча менен куралданган Cайед Ризван Фарук жана анын аялы Ташфин Малик 14 кишини өлтүрүп, 21ин жарадар кылган. 

Экөө тең окуя болгон жерден из жашыргандан кийин полиция тарабынан табылып атылган. Укук коргоо органдары Фарук жана Малик бул кол салуунун экстремисттик ниет менен жасагандыгын иликтеп жатат. Буга чейин Малик Facebook социалдык тармагындагы баракчасына "Ислам мамлекети" (ДАИШ) террористтик уюмун колдоорун билдирип жаткан. Ал эми ФБР муну террордук акты катары карап жаткандыгын билдирди.

Тема боюнча

"Ислам мамлекети" ФБР менен ЦРУнун башчыларынын телефонун элге жайып жиберди
Белгилер:
маалыматтык коопсуздук, терроризм, экстремизм, Барак Обама

ЭҢ МААНИЛҮҮ