Япон физиктери кол менен кармоого боло турган голограмма ойлоп табышты

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүЛабораторияда лазер эксперименттери. Архив
Лабораторияда лазер эксперименттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япон физиктери дүйнөдө биринчи жолу кол күйүп калат деп коркпостон кармоого, кол менен ары-бери башкарууга боло турган үч ченемдүү голограммаларды ойлоп табышты.

БИШКЕК, 2-дек. – Sputnik. Япониялык окумуштуулар голографиялык сүрөт жаратуу үчүн өтө жогорку ылдамдыктагы лазерлерди колдонууну үйрөнүштү. Аларды сүрөт же компьютердин ишин башкаруу үчүн кол менен кармаса болот деп айтылат Корнелль университетинин электрондук китепканасына чыккан макалада.

"Проектордун экранына чыгарылган сүрөт же видеокадрларды кол менен кармай албайбыз. Ал эми үч ченемдүү сүрөттү чыгарып, аны кармагыдай кылсак, анда столдун үстүндө жок буюм бардай болуп көрүнөт", — дейт Ёити Отиай (Yoichi Ochiai) Цукуба университетинен (Япония).

Отиай өз кесиптештери менен бирге өтө жогорку ылдамдыктагы фемтосекундалык лазерлердин жардамы менен курулай эле абада үч ченемдүү голограмма жаратканды үйрөнүштү. Анын импульстары адамдын манжаларына жана сүрөткө тийген нерселерге жараша кыймылдайт. 

Келечектин мындай технологиясын түзүүчүлөр "перинин оттору" деп атап, ал лазердин кыска жана күчтүү тутанууларынан голограмма пайда болчу чекитте плазманын кичинекей булутчаларын пайда кылып, колдун же башка нерсенин тийишинен анын формасы өзгөрөт. 

Нефть чыгаруучу станок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар нефть издөөнүн чыгымын азайткан технология ойлоп табышты
Лазердин кыска тутануусу адамдын колу үчүн коркунучсуз, бирок окумуштуулар мындай сүрөттү көз тушка чыгарбоону кеңеш кылат. 

Алардын пикиринде бул технологияны ар кандай максатта – аба дисплейлерин жаратууга, маалыматты (мисалы, сааттын) колго же дененин башка бөлүгүнө түз берип турууга, театрлардын дубалында декорацияларды жаратууга, ошондой эле медицинада тиги же бул хирургиялык жабдыкты башкарууга колдонсо болот. 

Мындан тышкары, столдун үстүндө клавиатура же башка нерсенин элесин түзүү, дүйнөнүн башка булуңунда турган адамга кол тийгизүүгө мүмкүндүк берчү "4 ченемдүү" системаны түзүү сыяктуу татаал максаттарда да колдонсо болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0