Эрдоган: Түркия Россия менен мамилеси жөнгө келишин каалайт

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын желеги. Архив
Россиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Барак Обама менен Режеп Эрдоган ИМге каршы (араб. — ДАИШ) күрөштө Москва менен Анкаранын мүмкүн болгон биргелешкен ишин талкуулашты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Россиянын Су-24 учагы менен болгон окуядан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамилени дипломатиялык жол менен жөнгө салыш керек деди түрк президенти Тайип Эрдоган Парижде АКШ прездинти Барак Обама менен жолуккандан кийин.

"Биз урматтуу Обама менен Россия менен болгон кырдаалды талкуулдык. Түркия каатчылыкты жөнгө салыш үчүн дипломатиялык аракеттерди көрүүнү колдойт. Биз Россия менен мамиледеги чыңалууну төмөндөткүбүз келет", — деген Эрдогандын сөзүн NTV түрк каналы келтирет.

АКШ башчысы Барак Обама болсо "жалпы душман" —"Ислам мамлекетине" каршы (арабча — ДАИШ) күрөшкө көңүл топтоого чакырды. Ошондой эле ал АКШ Түркиянын коргонууга болгон укугун колдой турганын айтты. 

"Биздин жалпы душманыбыз бар, ал ИМ жана мен бардык көңүлүбүздү ошого бура турганыбызга ынангым келет", — деди ал түрк президенти Эрдоган менен жолуккандан кийин.

Мурдараак АКШнын президенти Су-24 менен болгон окуядан соң Москва менен Анкаранын бирге иштешүү мүмкүнчүлүгүн Түркия менен талкуулаганын билдирген.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган россиялык Су-24 учагына байланышкан окуяга кабатыр экенин айтты
Россия менен Түркиянын мамилеси россиялык учак менен болгон окуядан кийин курчуп кеткен. Су-24 учагы Сирияда кыйратылган. Россиянын президенти аны F-16 түрк учагы "аба-аба" ракетасы менен Сириянын асманынан атып түшүргөнүн айтып, муну террористтерди жактоочулардын "аркадан урган соккусу" деп атаган. 

Андан тышкары, Россия Түркияга каршы экономикалык санкцияларды киргизди. Россиянын президенти Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы чартердик аба каттамына тыюу салууну, 2016-жылы 1-январдан тартып түрк жарандарын жумушка алууга, Россиянын аймагында иштөөчү түрк уюмдарынын ишин тыйып же чектөөгө жана айрым түрк товарларын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салууну же чектөөнү тапшырды. 

Дүйшөмбүдө РФ башчысы Россия террористтердин карамагындагы кен жайларынан мунайзат ири көлөмдө Түркияга ташылып жатканы жөнүндө кошумча маалымат алганын билдирген. 

Владимир Путин Су-24 учагы Түркияга мунайды коопсуз ташуу үчүн атып түшүрүлгөн деп айтууга Россиянын негизи бар экенин да айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0