Немис ЖМК: Европа Биримдиги Түркия менен ыплас келишүүчүлүккө барып жатат

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүПоезд жолундагы качкындар. Архив
Поезд жолундагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мигранттар маселеси боюнча Түркияга жардам сурап кайрылуу менен Европа Биримдиги өзүнүн моралдык жана саясий принциптерине каршы чыгууда деп жазат немис басылмалары. Укук коргоочулар болсо Европа "моралдык банкротко" айланды деп чыгышты.

БИШКЕК, 30-ноя. – Sputik. Немис ЖМКлары Европа Биримдиги миграциялык маселе боюнча Түркия менен макулдашканы жатканын катуу сынга алышты. 

Качкындар автобустан түшүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Европа биримдиги 400 миң мигрантты өз аймагынан чыгарууга камынып жатат
29-ноябрда Брюсселде өткөн саммиттин жыйынтыгында, Европа Биримдиги Түркияга өз аймагында мигранттарды жайгаштырышы үчүн, чек ара көзөмөлүн бекемдеп, мыйзамсыз мигранттарды ташуучу топторго каршы күрөшүү үчүн үч милилард евро бөлүп бермекчи. 

Саясатчы жана юрист Дилек Курбандын пикиринде, бул "саясий жана моралдык жактан талаштуу" макулдашуу. Париждеги терактылардан кийин аны кайра сын көз менен карап чыгыш керек эле деп жазат Курбан өзүнүн Die Zeit үчүн даярдаган макаласында. 

Биринчиден, Түркия саясий качкындарды талаптагыдай коргой алары күмөн деп жазат эксперт. "Ислам мамлекетинин"мыкаачылыктары жөнүндө жазып жүргөн сириялык эки журналисттин башы алынган сөөгү 30-октябрда Түркияда табылышы буга негиз. Анан калса, Түркия мыйзамы боюнча, сириялыктар Түркияда Женева конвенциясына ылайык качкын макамын ала албайт. Себеби Анкара качкындарга ишеничтүү статус бербей турган "убактылуу коргонуу" тартибин киргизип койгон. Демек, Түркия менен качкындар маселеси боюнча мындай макулдашуу менен Европа Биримдиги эл аралык укукка каршы чыгууда деп жазат Курбан. 

"Анан калса, Меркель жана Европа Биримдигинин башка жетекчилери "Ислам мамлекетине" жана башка исламисттитк топторго жумшак мамиле кылмак түгүл, колдоп да жаткан Эрдогандын өкмөтүнө ишеним арта алабы?," – деп сурайт журналист. 

Атайы бөлүктүн ардагери: террористтер Францияга качкын катары кириши мүмкүн
Die Welt гезити жазгандай, качкындарга жардам берүүчү Pro Asyl немис уюму да "адам укуктарынын эсебинен ыплас оюн курулуп жатканын" эскертет. Түркия менен макулдашуу Эрдогандын "адамкерчиликсиз саясатын" колдогондук жана Европа Биримдигинин "моралдык банкрот болушунун" белгиси дешет укук коргоочулар.

Berliner Morgenpost басылмасынын баяндамачысы Кнут Прис Европа Биримдигинин мындай аракеттерин "эки жүздүүлүк" деп атаган. Анын пикиринде европалыктар "маселе учу-кыйырсыз көйгөйгө айланганча уктап отурушуп", эми аны Түркиясыз чече албай турганын түшүнгөндө, Анкара өз шартын коюп, базардагыдай соодалашып кирди. 

Die Welt басылмасынын журналисти Робин Александр Түркия мындай абалдан пайдаланып калгысы келип жатат. Эми Анкарага акча аздык кылат, анын каалаганы: Европа менен визалык тартипти жоюп, Европа Биримдигине кошулуу болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0