Палеонтологдор жыландын сойлоп калган себебин аныкташты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖылан. Архив
Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор жыландар ийинде жашагандан баштап буту-колунан айрылып сойлой баштаганын аныктап чыгышты.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шотландия жана америкалык окумуштуулар 90 миллион жыл мурун Жерде жашаган байыркы гигант жыландын калдыгын таап чыгышканын Science Advances журналы жазып чыкты. 

Маалыматта бул табылга жыландардын эмне үчүн колу-бутунан айрылып, сойлоп калганынын себебин ачыкка чыгарары айтылат.

"Биздин божомолубузда жыландар ийин каза баштагандан кийин колу-бутунан ажыраган", — дейт Эдинбург университетинин өкүлү Хунъюй И.

Дүйнө чемпионатына даярдык мамонттун тишин таап чыкты
Буга чейин жыландын сойлоп калышы боюнча окумуштуулар арасында бир катар талаш-тартыштар болуп келген. Аталган макаланын авторлору компьютердик технологиянын жардамы менен бул чырга чекит койгондой. Маалыматка ылайык, Хунъюй И компьютердик технология менен катып калган баш сөөктүн ичин көрүп, ички кулагынын түзүлүшү менен таанышып чыккан. 

Окумуштуулардын айтымында, ички кулагынын ири көлөмү жылан жерде же сууда эмес, ийинде жашап келгенин тастыктайт. 

Илимпоздор табылган жыландын 90 миллион жылдык тарыхын жана андан мурунку табылгалардын негизинде жыландар мурда колу-буттуу экенин, качан гана ийин каза баштаганда сойлоп калганын ишенимдүү айтууга болорун белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0