Метеорологдор 2015-жыл тарыхтагы эң жылуу жыл болду дешет

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүПаркта эс алып жаткан адамдар. Архив
Паркта эс алып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдагы атмосферанын орточо жылуулугу 1961-1990-жылдарга караганда 0,73 градуска жогору болду.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Адамдын иш-аракеттерине, глобалдык жылуулукка жана Эль-Ниньо көрүнүшүнө байланыштуу быйылкы жыл байкоо жүргүзүүлөрдүн тарыхындагы эң жылуу жыл болду, ал эми 2016-жыл мындан да жылуу болушу мүмкүн деп билдирет Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм (ДМУ).

"2015-жылдагы глобалдык климаттын абалы бир катар себептер менен тарыхта калат … 2015-жыл байкоо жүргүзүлүп келе жаткандан берки эң ысык жыл болуп, океандын үстүндөгү температура да эң жогору болду. Эмки жылы мындан да ысык болушу мүмкүн", — деп билдирет ДМУнун башкы катчысы Мишель Жарро уюмдун Парижде өтчү эл аралык конференцияга даярдаган материалында. 

Анын айтымында, атмосферадагы буу газдарынын деңгээли жана Эль-Ниньо көрүнүшүнүн күч алышы октябрь айынын дүйнө боюнча бөтөнчө жылуу болушуна шарт түзгөн. 

"Климаттын өзгөрүшүнө себеп болуп жаткан буулардын абага чыгарылышын көзөмөлдөсө болот. Буга биздин билимибиз, жабдыгыбыз жетиштүү. Мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болочок муундун мындай мүмкүнчүлүгү болбойт", — дейт Жарро.

ДМУнун маалыматы боюнча, 2015-жылдагы атмосферанын орточо жылуулугу 1961-1990-жылдарга караганда 0,73 градуска, ал эми 1880-1899-жылдарга караганда 1 градуска жогору болду. Деңиз үстүндөгү абанын температурасы да былтыркыдан бир топ өйдө. Ал эми Түштүк Америка менен Азияда быйыл байкоо жүргүзүлүп келе жаткандан бери эң ысык жыл болуп катталды. Деги эле 2011-2015-жылдар дүйнө боюнча эң ысык беш жылдык болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0