Путин Су-24 учагы боюнча кырдаалга Иордания падышасы менен жолукканда баа бериши мүмкүн

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык учак Сирияда шейшемби күнү кыйроого учурады. Алдын ала маалымат боюнча учкучтар аба кемесинен секирип кетүүгө үлгүргөн. Алардын дайын-дареги учурда такталып жатат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин россиялык Су-24 учагынын Сирияда кыйроосу боюнча Иордания падышасы Абдалла II менен шейшемби күнү боло турган жолугушууда баа бериши мүмкүн экенин маалымат катчы Дмитрий Песков билдирди. 

"Жолугушууда бул боюнча маселе көтөрүлүп, президент буга баа бериши мүмкүн", — деди ал. 

НАТОнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
НАТО россиялык учактын Сирияда кыйрашы боюнча билдирүү жасоого камданып жатат
РФтин Коргоо министрлиги Су-24 учагы кыйроого алдын ала маалымат боюнча жердеги аткылоодон улам учураганын билдирген. Божомолдор боюнча учкучтар секирип кетүүгө үлгүргөн, учурда алардын чоо-жайы такталып жатат. Мындан тышкары, кырсыктын себептери иликтенүүдө. Министрлик аталган учак кырсык болгон учурда Сириянын аймагында учуп жүргөнүн белгилейт.

Песков Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча иш алып баруу керектегин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0