НАТО россиялык учактын Сирияда кыйрашы боюнча билдирүү жасоого камданып жатат

© Фото / UK Ministry of DefenceНАТОнун желеги. Архив
НАТОнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын учкучтары аба кемесинен секирип кетүүгө үлгүргөнү айтылууда, учурда алардын дайын-дареги такталып жатат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. НАТО Россиянын аскердик Су-24 учагынын кыйрашына байланыштуу билдирүү жасоого камданып жатканын альянс билдирди.

Сириянын Түркия менен чектешкен жеринде россиялык Су-24 учагы кыйрады
РФнын Коргоо министрлиги Су-24 учагы кыйроого алдын ала маалымат боюнча жердеги аткылоодон улам учураганын билдирген. Божомолдор боюнча учкучтар секирип кетүүгө үлгүргөн, учурда алардын чоо-жайы такталып жатат. Мындан тышкары, кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Министрлик аталган учак кырсык болгон учурда Сириянын аймагында учуп жүргөнүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0