Дем алыш күндөрү көп уктоо диабет жана инфаркт оорусуна кабылуу коркунучун жогорулатат

© Jessica Florence/GettyУйкуга байланган жаныбар. Архив
Уйкуга байланган жаныбар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар аныктагандай, иштеген адамдар иш күндөрү эрте туруп, дем алышта түшкө чейин укташы диабет, семиздик жана жүрөк-тамыр ооруларын өрчүтүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. Иш күндөрү эрте туруп, калган уйкусун дем алышта кандырганды адат кылган адамдар диабет, семиздик жана жүрөк-тамыр оорулары өрчүп кетүү коркунучуна көбүрөөк кабылат деп айтылат Journal of Clinical Endocrinology & Metabolism журналында жарык көргөн макалада.

"Күн тартибин жакшы сактаган, дени сак адамдар да биоритмдин бузулушунан заттардын алмашуусуна байланыштуу олуттуу кыйынчылыкка туш боло турганын биздин изилдөө биринчи жолу көрсөттү. Бул ашык салмактуулукка, диабетке жана жүрөк-тамыр ооруларына алып келиши ыктымал", — дейт Патриция Вонг (Patricia Wong) Питтсбург университетинен (АКШ).

Вонг жана анын кесиптештери мындай тыянакка беш жүзгө жакын 30-55 жаштагы дени сак аялдар менен эркектердин саламаттыгына байкоо жүргүзүү аркылуу келишкен. Изилдөөгө катышкандардын бардыгы бир нече жума бою алардын канча көп кыймылдай турганын ченеп жана 24 саат бою күн тартибине көз салуучу атайын билерик тагынып жүрүшкөн. 

Студенттер танаписте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндүз уктоо адаты "өмүрдү сактап калат" деп эсептейт дарыгер
Билериктерден алынган маалымат америкалыктардын 85%ы иш күндөрүнө караганда, дем алыш күндөрү бир топ көп уктап жана кеч жата тургандыктарын көрсөткөн. Демек алар жумушчу күндөрү канбай калган уйкусун базар күндөрү кандырып алышат экен. 

Мындай адамдардын арасында экспериментке катышкан башкаларга караганда ден соолугу жагынан көйгөйлөрү барлар көптүк кылары анык болду. Алардын канында холистерин ченеминен жогору болуп, инсулинди жакшы кабыл алышпай жана салмактары бир топ жогору болуп чыккан. Мунун баары алар диабет, журөк-таамыр ооруларына көбүрөөк кабылышы мүмкүн дегенди билдирет. 

"Кийнки изилдөөлөр биздин бул ачылыштарыбызды ырастай турган болсо, азыркы коом жана белгилүү бир убакытта иштеп, эс алуу зарылчылыгы биздин саламаттыгыбызга жана уйкубузга кандайча таасир бере турганын ойлонууга туура келет. Мүмкүн, социалдык жана медицина кызматтары уйкунун тартиби жөнүндө кеңештерди берип, аны бузуу кандай кесепеттерге алып келерин айтышы керек", — дейт Вонг.

Жаңылыктар түрмөгү
0