Грецияда мигранттар чек аранын жабылышына каршылык катары ооздорун тигишти

© AFP / ROBERT ATANASOVSKОозун тигип алган мигрант. Архив
Оозун тигип алган мигрант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразылык билдирүүчүлөр, негизинен, Ирандан келгендер. Алар ЕБдин айрым өлкөлөрү согуштан качып келбеген экономикалык мигранттарды "балкан багыты" боюнча өткөрбөө жөнүндө чечим чыгарышына каршы.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Грециядан Македонияга өтө албай жаткан бир нече мигрант Европа Биримдигинин миграциялык саясатына нааразылык билдирип, ооздорун тигишти деп кабарлайт Би-Би-Си.

Көпчүлүгү ирандыктардан турган бул адамдар Идомени чек ара пунктуна жакын темир жолго отуруп алышып, эки мамлекеттин ортосундагы каттамды токтошту. Кечирээк аларга Бангладеш менен Мароккодон келгендер да кошулган.

Евробиримдик Африкага качкындарын кайра артка кабыл алгандыгы үчүн акча төлөп бермекчи
18-ноябрдын кечинен тартып Словения, Хорватия, Сербия жана Македония согуш жүрүп жаткан Афганстан, Ирак жана Сирия өлкөлөрүнөн келген гана качкындарды өткөрө баштаган. Калгандары экономикалык мигранттар деп таанылып, "балкан багыты" боюнча Батыш Европа өлкөлөрүнө өткөрүлбөй жатат.

Айрыкча Парижде өзүн жардырган террористтен Сириянын паспорту табылгандан кийин мигранттарды катуу "иргей" башташты.

Греция тарапта чек арага жакын ондогон чатырларда ал жерде тургандар жылынып жана түнөп жатышат. Грек бийлиги аларга Афина шаарына чейин акысыз автобустарды жана өз өлкөлөрүнө кайтуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаганы менен, ага макул болгондор аз. БУУнун качкындардын иши боюнча башкармалыгынын Македониядагы өкүлү Любинка Брашнарска мурдараак билдиргендей, Македонияга өткөрүүнү талап кылып жаткан экономикалык мигранттар Сербиянын чек арасында деле ушундай көйгөйгө туш болуп, анан калса, Европага элди мыйзамсыз жиберүүгө байланышкан дагы маселе жаратат.

Жаңылыктар түрмөгү
0