Аргентинадагы президенттик шайлоодо тараза ташы оппозициячыга ооду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАргентинанын азыркы президенти Кристина Киршнер. Архив
Аргентинанын азыркы президенти Кристина Киршнер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оппозициячыл саясатчы Мурисио Макри, 78 пайыз бюллетень саналгандан кийин шайлоочулардын 52 пайыз колдоосуна жеткени анык болду.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Аргентинанын азыркы президенти Кристина Киршнер шайлоодо жеңип келе жаткан оппозициячыл талапкер Маурисио Макрини куттуктады деп билдирет РИА Infobae порталына таянуу менен.

Интернет-ресурстун маалыматына ылайык, азыркы мамлекет башчысы шайланган президент менен шейшемби күнү жолукмакчы.

Ал эми шайлоо бийлигинин маалыматы боюнча, Макри 78,03 пайыз бюллетенди санап чыккандан кийин добуштардын 52,87 пайызына жетип, ал эми азыркы бийлик көрсөткөн талапкер Даниэль Сциоли 47,13 пайыз добуш алган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0