Окумуштуулар:кош бойлуу кезде кофе ичүү баланын акыл-эсине терс таасирин тийгизбейт

Жазылуу
Боюнда бай аялдар кооптонбой эле кофени өлчөмү менен иче берсе болот. Бул баланын аң-сезиминин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизбейт.

БИШКЕК, 23-ноя. – Sputnik. Кош бойлуу аялдар кооптонбой эле кофени өлчөмү менен ичсе болот. Муну АКШда жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөттү. Ага ылайык, мурда эсептелгендей, кофе баланын IQ деңгээли төмөн болушуна эч таасир бербейт экен деп айтылат American Journal of Epidemiology журналына чыккан макалада.

"Жалпысынан биздин байкоолордун жыйынтыгы боюнда бар аялдар баласы өрчүү жагынан өз курдаштарынан артта калат деп коркпой эле күнүнө 1-2 чыныдан кофе иче берсе болорун көрсөттү", — дейт Огайо университетинен (АКШ) Сара Кайм (Sarah Keim).

Ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер балдар илдетинин белгилерин баштапкы мезгилде аныктоону үйрөнүштү
Мындай тыянакка окумуштуулар 20 жыл бою боюнда бар аялдарга жана андан кийин алардын балдарынын өрчүшүнө жүргүзүлгөн байкоолорду талдап чыккан соң келишкен. 

Өткөн кылымдын 50-жылдарынын акырында жана 70-жылдарынын башында, кош бойлуу аялдар кофе ичкенден корккон кезде экспериментке катышкандарга адаттагыдан көп кофе ичүүнү сунуштаган медиктер алардын жана болочок баланын саламаттыгына кылдат байкоо жүргүзүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0