Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча БУУнун айткандарына алар асман айдан секирди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын желеги. Архив
Түндүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Корея өлкөдө адам укуктары боюнча абалды сынга алган резолюцияны АКШнын аларга каршы кастык саясаты жана адам укуктарын саясатташтыруунун көнүмүш мисалы деп атады.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Түндүк Корея өлкөдө адам укуктары боюнча абалды сындап, өткөн жумада кабыл алынган БУУнун резолюциясын таптакыр четке какты. Бул туурасында аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин аты аталбаган өкүлүнүн билдирүүсүн таянып Ренхап агенттиги кабарлады.

БУУнун резолюциясы ошондой эле Кореядагы адам укуктарына байланышкан абалды Эл аралык кылмыш жаза сотунда кароону сунуштайт.

Түндүк Корея аталган резолюция АКШ баш болгон кас күчтөрдүн аталган өлкөдө тартипти төңкөрүп салуу максаты менен ойлоп тапканы деп ырастайт.

"Биз адам укуктары жаатында чыныгы диалогду жана кызматташтыкты колдойбуз, бирок биздин кызматташууга болгон чыныгы каалообуздан качып, өзүнүн кара санатай саясий максаттарына жетиш үчүн КЭДРге кысым жасоого умтулгандарга эч качан жол бербейбиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Жабык өлкө катары саналган Түндүк Корея БУУнун башка катчысын 23-ноябрда кабыл алат
Бейшембиде БУУнун үчүнчү Комитети Евробиримдиги менен Япониянын демилгеси астында Түндүк Кореядагы адам укуктарына байланышкан абалды сынга алуучу резолюция кабыл алган. Документте аны Эл аралык кылмыш жаза сотунда кароону кеңеш кылган эле.

Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун 23-ноябрда Түндүк Кореяга барып, Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0