Sputnik агенттиги Индонезиянын Antara улуттук маалымат агенттиги менен кызматташат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүү"Спутник" логотиби. Архив
Спутник логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар эки жактуу кесиптик кызматташуу, түрдүү багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу, ошондой эле маалыматтык материалдар менен өз ара алмашуу жөнүндө макулдашты.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу Индонезиянын эң ири Antara маалымат агенттиги менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду. 

Тараптар эки жактуу кесиптик кызматташуу, түрдүү багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу, ошондой эле маалыматтык материалдар менен өз ара алмашуу жөнүндө макулдашты. 

Sputnik агенттигинин башкы редакторунун орун басары Павел Андреев келишимди түзүү эки агенттигиктин ортосунда маалымат алмашууну камсыздай турганын белгиледи. 

"Бул азыркы учурда көп түрдүү жана таразаланган дүйнөлүк маалымат мейкиндигин түзүү үчүн өтө маанилүү", — деди ал.

Салтанат Сеулда өтүп жаткан Азия жана Тынч океан өлкөлөрүнүн Маалымат агенттиктер уюмунун аткаруучу комитет мүчөлөрүнүн 39-жолугушуусунда болду.

Antara – Индонезиянын 1937-жылы түзүлгөн улуттук маалымат агенттиги. Анын башкы кеңсеси Жакартада орун алып, жаңылыктар индонезий жана англис тилинде жарыяланат. Агенттиктин бюролору өлкөнүн бардык провинцияларында жайгашкан, ошондой эле Нью-Йорк, Канберра, Лондон жана Куала-Лумпур шаарларында өкүлчүлүктөрү бар. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги болуп саналат. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүнү, мобилдүү тиркемелерди жана социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Атайын жазылгандар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0