Путин: Россия террористтерге авиасоккусун күчөтөт

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Су-25 учактары Сириянын "Хмеймим" базасынан учуп жатышат. Архив
Россиянын Су-25 учактары Сириянын Хмеймим базасынан учуп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент бул багытта иштин жүрүшүн өзү көзөмөлгө аларын билдирди.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Россия Сириядагы террористтерди авиасоккуга алууну күчөтө турганын президент Владимир Путин Синайдагы россиялык учактын кыйроосун териштирүүгө арналган жыйында билдирди.

"Сириядагы биздин авиациялык аракеттерди улантып тим болбостон, кылмышкерлер жазадан кутула албай турганын сезгидей кылып күчөтүү керек", — деди өлкө башчы.

Путин Коргоо министрлиги менен Башкы штабдан тийиштүү сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды. 

"Иштин жүрүшүн өзүм текшерем", — деди президент.

Путин: А321 учагын жардыргандарды жерден чукусак да табабыз
Буга чейин Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников А321 учагы ичиндеги колго жасалган жардыруучу түзүлүштүн иштетилишинен улам кыйраганын жар салган. 

Россиялык жана советтик авиациянын тарыхындагы эң чоң кырсык 7-ноябрь болду. "Когалымавиа" компаниясына караштуу Airbus A321 учагы Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга учуп келе жатып кыйроого учураган. Андагы 217 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү – баары курман болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0