ТИМ: Бейруттагы жардыруудан кыргызстандык жарандар жапа чеккен жок

© AFP / IZZAT ATTARБейруттагы жардыруунун кесепеттери.
Бейруттагы жардыруунун кесепеттери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМК маалыматы боюнча жардырууларды "Ислам мамлекети" террористтик тобу өз мойнуна алды.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча Бейруттагы жардыруулардан кыргызстандык жарандар жабыркаган жок. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

Бейруттун түштүк аймагындагы эки ирет болгон жардыруунун кесепетинен 43 адам каза болуп, дагы 240ы жарадар болгон.

Буга чейин Reuters агенттиги жардырууларды "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик тобу өз мойнуна алганын жазып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0