Элчи Жунусов Улуу Памирдеги кыргыздардын жашоо шарты менен таанышты

© flickr.com / Adam JonesВан провинциясы, Түркия. Архив
Ван провинциясы, Түркия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ван провинциясында жашаган этникалык кыргыздардын көйгөйүн угуп, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулады.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Ван провинциясындагы Улуу Памир айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Архив: Памир кыргыздары - Sputnik Кыргызстан
Бейшенов: Памир кыргыздарынын көйгөйлөрүн Афган өкмөтү менен сүйлөшүп чечмей болдук
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-7-ноябрь күндөрү аймакка барган элчи кыргыздардын жашоо шарты менен жеринен таанышып, көйгөйлөрүн укту. 

Рахманкул хандын күмбөзүнөн куран окулгандан кийин Жунусов эл алдына чыгып, Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал тууралуу маалымат берди. 

Элчи иш сапарынын алкагында жаңы мечиттин ачылышына катышып, 2011-жылдын ноябрь айында жер титирөөдөн жабыр тартып оңдолгон мектептин абалын көрдү. Жунусов элчиликтин атынан Курандагы санат сөздөр чегилген гравюра, араб, түрк жана кыргыз тилдеринде жазылган Куран китептерин, түшүндүрмөлөрү берилген адабияттарды тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0