Евробиримдик Африкага качкындарын кайра артка кабыл алгандыгы үчүн акча төлөп бермекчи

© Sputnik / Александар Джорович / Медиабанкка өтүүЧек арадагы качкындар. Архив
Чек арадагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай сунуш менен Евробиримдиги Эфиопия, Судан, Уганда жана Кенияга кайрылган турат. Сумма жалпысынан 2 миллиард еврого чамалап барат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бир катар африкалык мамлекеттерге 1,8 миллиард евро сунушталганы турат. Мындай акча аларга Евробиримдиктин аймагына мыйзамсыз кирип кеткен 800 миң качкындын "бир аз бөлүгүн" кайтарып алса берилери айтылууда.

АКШ келерки жылы Сириядан он миң качкынды кабыл алууга ниеттенүүдө
Мындай чечим Евробиримдиктин өлкөлөрүндө мыйзамсыз жүргөн качкындарды кайра мекенине артка кайтаруу планы иштелип жатканда айтылды. Бул туурасында британиялык The Daily Telegraph басылмасы билдирди. 

Мындай сунуш жана качкындарды өткөрүүдө каржылоо жана визалык жактан колдоо көрсөтүү кепилдиги менен Эфиопия, Судан, Уганда жана Кенияга кайрылганы турат. Сумма жалпысынан 2 миллиард еврого чамалап барат. Бирок, буга "жашыл жарык" миңдеген дарыгерлерге, ишкерлерге жана студенттерге уруксат кылынса гана берилет. Алар Европада паанектеп калыш үчүн визалык жактан жеңилдиктер каралып, тил үйрөнүү үчүн шарттар түзүлүп жана жумуш орундары каралмакчы. 

Бул план Дэвид Кэмерондун Европалык кеңештин президенти Дональд Тускка ЕБдин Британия менен мамилелерин кайрадан түзүү жөнүндө талаптарын жиберүүнү жөнөтүү алдында пайда болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0