Дүйнө чемпионатына даярдык мамонттун тишин таап чыкты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүМамонттун сөөктөрү. Архив
Мамонттун сөөктөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музейге берилген тиштин узундугу 17 сантиметр болсо, туурасы 14кө жеткен, ал эми табылганын салмагы эки килограммды түздү.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Калининграддын жашоочулары кум казган жерден мамонттун эки килограммдык тишин табышканын Дүйнөлүк океан музейи билдирди.

Маалыматка ылайык, табылга аталган музейге өткөрүп берилген. 

"Сөөктүн башка бөлүктөрү азырынча табыла элек. Бирок мындай табылга деле биз үчүн чоң ийгилик. Түндүк аймактардагы суук, муз байыркы жаныбарлардын калдыктарын сактап калууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Калининград облусу үчүн бул өтө сейрек кездешүүчү окуя. Табылгалардын басымдуу бөлүгү сууга эрип кетет", — деп билдиришти музейден.

Город Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда Мамонттун тегинин калдыктары табылды
Тиштин узундугу 17 сантиметр болсо, туурасы 14кө жеткен, ал эми табылганын салмагы эки килограммды түздү. Ал 60 метр тереңдиктен табылган. Окумуштуулар тиш 25 жаштагы мамонтко таандык экенин аныкташты. 

Акыркы убакта байыркы жаныбарлардын калдыктарынын көп табылышы 2018-жылы аталган аймакта өтө турган Дүйнө чемпионатына даярдык көрүүнүн алкагында болуп жатканы белгиленүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0