23:55 04 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
48 0 0

Авикаттам россиялык A321 учагынын кыйроо себептери аныкталмайын ачылбайт.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Россиядан Египетке карай жүрүүчү авиакаттамдын баары токтотулганын жума күнү Росавиция билдирди.

Россия президенти Владимир Путин 31-октябрь күнү Синайда кыйроого учураган россиялык A321 учагы боюнча кырсыктын себеби аныкталмайынча аба байланышын токтотуу сунушуна макул болгон. 

"Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында кечки саат 20.00дөн баштап бардык компаниялар Египеттин аймагына каттоочу туруктуу, транзиттик жана чартердик каттамдарды токтотушат", — деп айтылат билдирүүдө.

Египетке жол алган жүргүнчүлөрдүн аэропортторго келбөөсү айтылууда. Ал эми Египеттеги россиялык жарандар өз мекенине алып келинүүдө. 

"Россиялык жарандарды алып келүүчү каттамдар тууралуу маалымат бардык мүмкүн болгон коммуникативдик жолдор аркылуу жайылтылат", — делет билдирүүдө.

Росавиация жүргүнчүлөр менен алардын жүгү эки башка каттам менен учуп келерин белгилейт. Андыктан керектүү буюмдар менен дары-дармек жана балдардын тамак-ашына гана басым жасоо зарылдыгы айтылууда.

Египеттин Каир, Шарм-эш-Шейх жана Хургад шаарларындагы аэропорттордо маалыматтар илинип, россиялык авиакомпаниялар менен туристтик операторлордун өкүлдөрү Россияга кайта турган жарандар менен тыгыз иш алып барары белгиленди.

Тема боюнча

Египеттеги авиакырсыктан каза болгондордун сөөгү Санкт-Петербугга алып келинүүдө
Душанбе — Бишкек — Душанбе кошумча авиакаттамы ачылды
Белгилер:
Россия, Египет, учак, аба каттам, авиарейс

ЭҢ МААНИЛҮҮ