A321 учагынын кыйрашына кыймылдаткычтагы жарылуу себеп болгондугу айтылууда

© Sputnik / Рафаэль Даминов / Медиабанкка өтүүКырсыкка учураган Airbus A321 учагынын сыныктары. Архив
Кырсыкка учураган Airbus A321 учагынын сыныктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синай жарым аралында кырсыкка учураган россиялык учак кыймылдаткычы жарылгандан улам кулаган деп билдирет "Аль-Масри аль-Яум" сот комиссиясындагы булакка таянуу менен.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Египетте Синайдын үстүнөн учуп бара жаткан россиялык лайнердин кулашына кыймылдаткычтагы жарылуу себеп болгон. Бул туурасында "Аль-Масри аль-Яум" басылмасы кырсыкты иликтеп жаткан сот комиссиясындагы булакка таянуу менен билдирди.

АКШ серепчилери: A321 кыйрашынын негизги версиясы – бортко бомба алып кирүү
Гезиттин маектешинин айтымында, мындай тыянак "кара кутулардагы" жазуулар окулгандан кийин келип чыккан. Жарылуунун себеби "мындан аркы лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин, ошондой эле кырсык болгон жерден кошумча маалыматтар чогулган соң аныкталаарын" айткан. 

Эксперт-адис "жазуулардагы маалымат учкучтар кырсык болор алдында жердеги кызматтарга кайрылбаганын көрсөтүп жатат," — деп билдирген.

Россиялык жана советтик авиациянын тарыхындагы эң чоң кырсык ишемби күнү болду: "Когалымавиа" компаниясына караштуу Airbus A321 учагы Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга учуп келе жатып кыйроого учураган. Андагы 217 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү – баары курман болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0