"Аль-Каида" террорчуларды Россия менен Батышка каршы биригүүгө чакырды

© AFP / RAMI AL-SAYEDЛевантадагы "Аль-Каида" согушкери. Архив
Левантадагы Аль-Каида согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Аль-Каиданын" башчысы алардын каршылаштары күчтөрүн Сирия менен Иракка каршы жумшап жатса, ал эми террордук топтор бири-бири менен кажышпай, биригүү зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Россияда тыюу салынган "Аль-Каида" террордук уюмунун башчысы Айман аз-Завахири мусулмандарды Россия менен Батыштын Ирак, Сирияга каршы "кооптуулуктарына" каршы турууга чакырды.

Интернеттеги кайрылуусунда аз-Завахири "америкалыктар, орустар, ирандыктар, алавиттер жана Хезболла бизге каршы согушка күчүн бириктирип жатат, биз өз ара касташуубузду токтотуп, күчүбүздү аларга каршы эмнеге топтой албайбыз" деп суроо салгандыгы туурасында Рейтер билдирди.

Вашингтондо жайгашкан Ак Үйдун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ "Ислам мамлекети" менен "Аль-Каиданын" эки башчысы өлгөнүн ырастады
Бул кайрылуу качан жазылганы белгисиз, бирок алар Россияны да айтып жатат. Андыктан ал 30-сентябрда Россиянын аба-космостук күчтөрү Сириядагы террорчуларды жок кылуу операциясын баштагандан кийин кайрылган деп божомолдоого болот. 

Сентябрь айында "Аль-Каида" Россиянын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Ислам мамлекети" уюмунун халифатын жана анын лидери Абу Бакра аль-Багдадини тааныбай тургандыгын айткан. Аны менен кошо эле "Ислам мамлекетинин"согушкерлерин өздөрүнүн катарына чакырып, Ирак, Сириядагы батыш коалициясына каршы биргелешип күрөшүүгө үндөгөн. 

"Ислам мамлекети" россиялык учактардын Сириядагы алардын жайларын бомбалоосунан соң, бул өлкөгө "ыйык жихадын" жарыялагандыгын жар салган. Эксперттер "Аль-Каида" менен "Ислам мамлекетинин" биригүүсү Жакынкы чыгыштагы абалды бир топ татаалдатарын айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0