Түркиядагы шайлоодо бийликтеги партия кайтадан жеңишке жетти

© AFP / ADEM ALTANТүркияда парламенттик шайлоо.
Түркияда парламенттик шайлоо. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-июнда өткөн шайлоодон кийин коалициялык көпчүлүктү түзүү ишке ашпай калгандан соң кайтадан парламенттик шайлоо өттү.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Түркиянын парламентине 26-чакырылыштагы депутаттарды шайлоодо 175 миңден ашык участкаларда добуш берилди. Шайлоочулардын 85,61 пайызы катышкан шайлоодо 10 пайыздык босогодон АК (Адилеттүүлүк жана өнүгүү) партиясы, CHP (Республикалык элдик партиясы), MHP (Улутчул кыймыл партиясы) жана HDP (Элдин демократиялык партиясы) партиялары ашып, бийликке келди. Бул тууралуу Sputnik Türkiye маалымат агенттиги билдирди.

Түрк премьер-министри өлкөдөгү бардык балдарга колукту таап берерин айтты
Алдын ала жыйынтыктар боюнча АК партиясы шайлоочулардын 49,2 пайыз добуш алды. 7-июнда болгон шайлоого караганда MHP бир нече добушун жоготсо, HDP эптеп 10 пайыздык босогодон өттү. Ал эми CHP болсо июнь айындагы шайлоого салыштырмалуу 0,5 пайыз көп добушун алып, парламенттен эки орун көп алмай болду.

Бийликтеги АК партиясы жеңишин майрамдап жатат. Өлкөнүн премьер-министри Ахмет Давутоглу шайлоочуларга кайрылып, "Түркиянын 2023" максаттарына бирге барабыз" деди.

Жаңылыктар түрмөгү
0