Рой Жонс: карьерамды бүтүрүүдө көпкө ойлонгон жокмун

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүБокс боюнча түрдүү салмак категориясында дүйнөнүн бир нече чемпиону Рой Жонс. Архив
Бокс боюнча түрдүү салмак категориясында дүйнөнүн бир нече чемпиону Рой Жонс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бокс боюнча түрдүү салмак категориясында дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Рой Жонс-кичүүсү 12-декабрда Москва шаарында өзүнүн карьерасындагы акыркы беттешке чыгып, британиялык Энцо Маккаринелли менен күч сынашат.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бокс боюнча түрдүү салмак категориясында дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Рой Жонс-кичүүсү спорттогу карьерасын аяктоо боюнча чечим кабыл алуу ал үчүн оор деле болбогонун "Р-Спорт" басылмасына билдирген.

Шейшемби күнү Россиянын паспортун алган 46 жаштагы АКШнын тургуну Жонс 12-декабрда Москва шаарында өзүнүн карьерасындагы акыркы беттешке чыгат. Ал британиялык Энцо Маккаринелли менен күч сынашат.

"Мындай чечим кабыл алуу оорчулук деле жараткан жок, себеби ал туура чечим болчу. Сени коркуу, шектенүү багындыра албасын башкаларга көрсөтүшүң керек. Сен эрктүү болуп, жасай тургандарыңды аткарышың керек. Мен орто салмактан тарта, оор салмакка чейин чемпион болдум. Эми карьерамды аяктайын деп чечтим", — деди Жонс.

Профессионалдык рингде Жонс 70 беттеш өткөрүп, анын 62синде (45 нокаут) жеңишке жетип, сегиз жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0