Магниттик бороон Жерде бүгүн, 1-ноябрда башталышы мүмкүн

© NASAКүндүн бетинен бийик эмес от бүркүлүп, геомагниттик талаа мезгил-мезгили
Күндүн бетинен бийик эмес от бүркүлүп, геомагниттик талаа мезгил-мезгили - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн бетинен бийик эмес от бүркүлүп, геомагниттик талаа мезгил-мезгили менен тынчсыз болот деп билдирет Федералдык мамлекеттик мекеменин геофизикалык кызматы.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Магниттик бороон Жерде 1-ноябрь күнү Күндүн бетинен 29-октябрдагы кроналдык бүркүүлөрдөн кийин башталышы ыктымал деп билдирет Федералдык мамлекеттик мекеменин Геофизикалык кызматы.

"Күндүн бетинде тактардын жети тобу байкалган. 2443-топтоон бир С классындагы от бүркүлгөн. Анын активдүүлүгү төмөн. Жер бетинде геомагниттик талаанын толкундоолору 1-ноябрда күтүлөт",- деп айтылат билдирүүдө.

Космостогу абалын алдын ала божомолдоолор боюнча, 31-октябрда күндүн бетиндеги от бүркүү активдүүлүгү төмөндөп, геомагниттик талаа мезгил-мезгили менен тынчсыз болуп, радиациялык толкундоолор күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0