Уругвайдын президенти үчүнчү ирет учактагы бейтапка медициналык жардам берди

© AFP / EVARISTO SAУругвайдын президенти Табаре Васкес. Архив
Уругвайдын президенти Табаре Васкес. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы учакта өзүн начар сезген француз кызга жардам берип, жаш кыздын өмүрүнө аралжы болду.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Дарыгер адистигине ээ Уругвайдын президенти Табаре Васкес абада аллергиялык реакцияга дуушар болгон 17 жаштагы француз кызына медициналык жардам көрсөткөнүн The Telegraph басылмасы жарыялады.

Куткаруучу тегерек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучулар адам өмүрүн сактап калышты
Маалыматка ылайык, окуя дүйшөмбү күнү президенттин расмий иш сапары менен Францияга бараткан учурунда болгон. Буэнос-Айресте болуп өткөн хоккей турниринен кайтып келе жаткан кыз курамында жер жаңгагы бар татымды жегенден кийин өзүн начар сезе баштаган. 

Андан кийин жабыр тарткан кыздын жер жаңгакка аллергиясы бар экени аныкталган. Кызынын дем албай калганын байкаган энеси жардам сураган. Учакта президент менен анын жеке дарыгеринен тышкары бир дагы доктур болгон эмес. 

Алар кызды эс-учуна келтирип, дары ичирип, дары сайганга жетишкен.

"Өз маалында келип калбаганыбызда окуя кандай болуп бүтөрү белгисиз эле", — деди президенттин дарыгери.

Доктор Селяран бул өлкө башчынын учакта медициналык жардам көрсөтүп, жарандардын өмүрүн сактап калган үчүнчү учуру экенин белгилеп өттү. 

Учак келип конгондон кийин кыздын энеси кызынын өмүрүнө аралжы болгон президент менен анын дарыгерине ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0