Жакынкы Чыгыш кылым акырына чейин ээн калышы мүмкүн

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМаска кийген адамдар. Архив
Маска кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Глобалдуу жылуулук жана абанын нымдуулугунун өсүшү Персия булуңундагы өлкөлөрдү 60-70 жылдан кийин эле атайын кондиционерлери бар жайлардан тышкары, ачык абада жашоого жараксыз абалга алып келет дешет климатологдор.

БИШКЕК, 27-окт. – Sputnik. Абанын орточо жылдык температурасы жана нымдуулугу мындан ары дагы өсүп, аба ырайынын экстремалдуу көрүнүштөрү көбөйүп отурса, 2070-жылдын башында эле Персия булуңунун тургундары өз мекендеринде жашай албай калат деп айтылат Nature Climate Change журналында жарык көргөн макалада.

"Эгер биз буу газдарын бүгүнкүдөй эле абага таштоону уланта берсек, кылымдын акырында Персия булуңундагы климат адамдын жашоосу үчүн жараксыз чекке жетет. Бул биз күткөндөн бир топ эрте келет. Ага булуңдун сууларынын буулануусунан пайда болгон ным менен ысыктыктын уникалдуу айкашы себеп болот", — дейт Эльфатих Эльтахир (Elfatih Eltahir) Массачусетстин технологиялык институтунан (АКШ).

Окумуштуулар мындай тыянакка Персия булуңу менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү "нымдашкан термометрдин температурасы" деп аталчу көрүнүш жакынкы 100 жылда кандайча өзгөрө турганын изилдөө аркылуу келишкен.

Тамеки чегүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай жаштарынын үчтөн бири тамеки чегүүдөн өлүшү мүмкүндүгүн окумуштуулар айтууда
"Нымдашкан термометрдин температурасы" деп геологдор менен климатологдор курчап турган абанын температурасы менен аны коштоочу нымдуулуктан пайда болуучу көрүнүштү аташат. Анын мааниси өтө жөнөкөй – бул чектен төмөн бир да нерсе өзүн муздата албайт, ал өзүнүн үстүңкү бетиндеги нымды гана буулантып турат. 

Адам үчүн бул өтө маанилүү көрсөткүч, себеби биздин денебиз теринин үстүндөгү нымды буулантуу аркылуу сууйт. Демек, эгер "нымдашкан термометрдин температурасы" 35 градустан жогору көтөрүлсө, адамды ысык чаап, күн өтүп, ал тургай, сырткы нымдуулук булагы болбосо, өлүп да калат. 

Эльтахир жана анын кесиптештеринин эсеби көрсөткөндөй, эгер БУУга мүчө мамлекеттердин лидерлери быйылкы жылдын декабрында Париж конференциясында маселени карап бир макулдукка келишпесе жана буу газдары азыркыдай тездик менен абага чыгарыла берсе, Персия булуңунун өлкөлөрү бул чектен тез арада эле, ушу кылымдын 70-жылдарында өтөт.

Анда аталган аймактын Доха (Катардын борбору), Дубай жана Абу-Даби (Бириккен Араб Эмираты), Дхахран (Сауд Аравиясы), Бандар Махшахр жана Бандар Аббас (Иран) сыяктуу ири шаарлар ээн калат. Себеби ал жерлерде "нымдашкан термометрдин температурасы" өз ченеминен 35 градус туруктуу жогору болуп турат. Кувейт сыяктуу айрым шаарларда өтө ысык мезгилде аба 60 градустан жогору ысыйт. 

Бул аймактардын айрым бөлүктөрү азыртан эле кыйын абалда, мисалы, быйыл июлда Иран менен Ирактын бир катар шаарларында абанын температурасы күндүз 48-50 градустан, түнкүсүн 30 градустан ашкан. Бул "нымдашкан термометрдин температурасы" боюнча психологиялык жактан кооптуу деп эсептелген 34,6 градустук чекке өтө жакын келген.

Мед айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: ооз менен катуу аба жутуп, тез-тез кайра дем чыгаруу эстен танып калуудан сактайт
Буга Жакынкы Чыгыштын, айрыкча майда суулуу Персия булуңунун уникалдуу табигый-географиялык факторлору себеп. Ал жерде суу өтө катуу тийген күндөн бууланып, абанын нымдуулугун өтө жогорку чекке жеткирип, "нымдашкан термометрдин температурасын" кескин төмөндөтүп жиберет.

Бирок, эгер буу газдарын абага аз чыгарып, глобалдуу температуранын көтөрүлүшүнө жол бербей кармап турса, кырдаалды бүгүнкүдөй сактап калууга болот. Бул аталган аймактын өлкөлөрү үчүн жакшы болмок. Мындан улам окумуштуулар дүйнө жүзү боюнча абанын температурасынын көтөрүлүшүнө бөгөт коюу үчүн болгон күч-аракетти жумшоо керек деп эсептешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0