Россияда роботторду жасоочу илимий-өндүрүш борбору түзүлөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүРобот на выставке. Архивное фото
Робот на выставке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул борбор РФ Билим берүү министрлигинин көмөгү аркылуу ишке ашат. Борборду өнүктүрүү үчүн 2016-2018-жылдары миллиард рубль бөлүнөт.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россияда робототехника боюнча эл аралык илимий-өндүрүш борбору ачыла турганын Билим берүү министрлиги билдирди.

"Бул дүйнөдөгү робототехника жаатындагы окумуштууларды жана адистердин башын кошуп, алардын ишине көмөк көрсөтүү үчүн керек", — дейт Россиянын билим берүү министри Дмитрий Ливанов.

Города мира. Дубай - Sputnik Кыргызстан
Дубайда робот полициялар пайда болот
Салына турчу борбордо роботтун жасалма интеллектин ишеп чыгуудан баштап, анын тышкы конструкциясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Борбор негизинен "МИСиС" улуттук изилдөө техникалык университетинин базасында болот.

Бул долбоорго Россиянын жана дүйнөлүк ири уюмдар катышат.

Робототехниканын эл аралык федерациянын маалыматына ылайык, бул багатка жыл сайын дүйнө боюнча 14,5 миллиард доллар жумшалат. Алдыңкы катарда Япония турат. Андан кийинки орунда Германия, андан кийин Түштүк Корея, Кытай, АКШ мамлекеттери турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0